БИТУМДУУ ТОО ТЕКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БИТУМДУУ ТОО ТЕКТЕР – барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИТУМДУУ ТОО ТЕКТЕР – курамында битуму бар ар түрдүү чөкмө тоо тектер. Битумдар тоо тектердин жаракаларында, көзөнөкчөлөрүндө болот; көп учурларда чополорго, кумдуктарга тегиз сиӊип калат. Өӊү кара күрөӊ жана кара. Битумдуу акиташ тектери коргошун, нефть жана газ кендери үчүн чөйрө болот. Жез, уран, молибден, ванадий сыяктуу элементтердин кендери битумдуу кумдуктар менен сланецтердин арасында кездешет. Орто Азияда Битумдуу тоо тектер кембрий, ордовик, девон жана карбон мезгилдеринде пайда болгон тоо тек катмарларында бар.