БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ Ч. Базарбаев атындагы, 1980-жылы М. Күрөӊкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын хореография бөлүмүнүн базасында ачылган. Анда жалпыга билим берүүчү мектептердин программалары, талаптары менен бир эле мезгилде атайын ритмика, гимнастика, фортепьяно, хордо ырдоо сабактары өтүлөт. Хореография окуу жайы ачылгандан бери аны көптөгөн таланттуу жаштар бүтүп чыгышты. 2004-жылдын февраль айында окуу жайга СССР эл артисти Ч. Базарбаевдин аты берилди. Окуу жайында өз кесиптерин мыкты билген Р. Чокоева, Б. Алимбаев, А. Ырсалиев жана башка тажрыйбалуу педагогдор иштешет.
