БИШКЕК ШААР ДЫК ДРАМА ТЕАТРЫ
БИШКЕК ШААР ДЫК ДРА́МА ТЕАТРЫ А. Ө м ү р а л и е в атн. – менчик театр. Эл
депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеӊешинин токтому м-н 1993-ж. уюшулган. Алгачкы директору КР эл арт. А. Өмүралиев болгон. 2003жылдан көркөм жетекчиси Цыцыгмой Өмүралиева. Япон элинин уламышы б-ча Дзюндзи Киноситанын «Каркыранын канаты» аттуу пьесасын сахналаштыруу м-н 1993-ж. биринчи театр сезонун ачкан. Ошол эле жылы Ташкен ш-нда өткөн «Театр: Чыгыш–Батыш» эларалык театр
17*

үнүш. Эне – Д. Абдыкадырова, Чөө – Т. Абазова.'/>
фестивалына катышкан. Отуздан ашуун өлкөнүн театрларынын ичинен «Каркыранын канаты» спектакли театр сынчыларынын жогорку баасына татып, «эӊ мыкты» деген он спектаклдин катарына кошулган. 1993-ж. театрдын алдында уюштурулган «Саамал» фольклордук тобу кыргыз улуттук музыкасын бир бүтүн сахналык чыгарма, б. а. спектакль катары концерттик программа м-н көрүүчүлөргө тартуулап турушат. Анын алгачкы программасы 1994-ж. Данияда көрсөтүлгөн. 1994-ж. «Кожожаш» эпосу б-ча драматург Т. Осмоновдун «Керээз» аттуу пьесасы, 1995-ж. Ч. Айтматовдун «Кызыл алма» аттуу аӊгемеси сахналаштырылган (реж. Н. Асанбеков). Театр чет өлкөлүк да режиссёрлорду чакырып, артисттеринин чеберчилигин арттырат. Түркмөнстандык Овлякули Кожокули 1996-ж. япон автору М. Тикамацунун «Тагдыр тору аралында жан кыйышкан эки ашык» трагедиясын «Амидзима» деген ат м-н койгон. Ага театрдын драмалык труппасы, «Саамал» тобу катышкан. Украинанын Львов ш-нда өткөн «Алтын арстан» эларалык театр фестивалына катышып, «Амидзимада» О. Сандын ролун аткарган актриса У. Алимова «Аялдын мыкты ролу үчүн» деген баш байгени алган. «Амидзима» ж-а «Саамал» фольклордук тобунун концерттик программасы 1996-ж. КРдин Россиядагы күндөрүндө Москвада МХАТтын сахнасында көрсөтүлгөн. Театр жеткинчектерге ж-а жаштарга арналган чыгармаларга да көп көӊүл бурат. 1997-ж. те-
атр Румыниянын Сибиу ш-нда «Дүйнө маданият аркылуу» аттуу Бүткүл дүйнөлүк фонд уюштурган эларалык театр фестивалына чакырылган. Фестивалга 50дөн ашуун мамлекеттин театр коллективдери катышкан. Театр дүйнөлүк классикалык ад-тка да кайрылат. Француз жазуучусу П. Мерименин «Ыйык Антонийдин ак жолунан тайышы» ж-а «Африкалык ашыктык» аттуу чыгармаларынын негизинде «Аял – азыткы же ашыктык кумары» спектаклин Б. Парманов койгон. 1998-ж. театр тажикстандык реж. Ф. Касымов м-н бирдикте В. Шекспирдин «Король Лир» трагедиясына «Кут каган» деген сахналык версияны жаратып, 1999-ж. У. Шекспирдин «Жайкы түндө көргөн түш» аттуу комедиясын коюуга украин реж. Д. Лазоркону чакырган. 1999-ж. театрдын алдында «Аура» тобу чыг-лык жолун баштаган. «Ауранын» багыты – жаз, фюжн, фольк. жаз. Репертуарында композиторлор Д. Эллингтон, Д. Брубектин
чыгармалары ж-а дүйнөгө белгилүү музыкант-тардын репертуарына кирген чыгармалар бар.

«Саамал» фольклордук тобу концерт берүүдө. Чоордо А. Насирдинов.
2001-ж. А. С. Пушкиндин «Моцарт жана Сольери» (реж. Э. Ногоев) спектакли; 2002-ж. Софоклдун «Эдип падыша» (реж. Э. Ногоев, Б. Парманов), «Үч тилек» (реж. Ж. Жуэ), 2004-ж. «Жусуптун соӊку кечи» (реж. Д. Убайдуллаев) спектаклдери коюлду. 2003-ж. театрга КР эл арт. А. Өмүралиевдин ысмы ыйгарылган.
М. Оморова.