БЛАНТЕР
БЛА́НТЕР Матвей Исаакович [28.1(10.2). 1903, Чернигов губерниясы, Мглин уезди, Почеп, азыркы Брянск облусу – 24. 9. 1990, Москва] – орус композитору, РСФСР искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер (1947), СССР эл артисти (1975), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1983). 1917–19-жылдарда Москва филармония коомунун музыкалык драма окуу жайында (скрипка классында) окуган. 1920-жылы Москвадагы «Мастфор» театр эстрадасы студиясында, түрдүү эстрада ж-а драма театрларында иштеген. Жеӊил ыр-бий жанрында анын фокстроттору («Джон Грей», «Фудзияма», «Багдад») кеӊири белгилүү. 1930-жылы Блантердин чыгармачылыгынын мүнөзү кескин өзгөрүлгөн. «Партизан Железняк» ж-а «Щорс жөнүндө ыр» аттуу чыгармалары м-н ал ыр жанрынын баштоочусу болуп калды. 1936-жылдан СССР мамлекеттик жаз оркестринин көркөм жетекчиси; коллектив анын М. В. Исаковскийдин сөзүнө жазылган «Катюша» (1939) аттуу ыры м-н белгилүү болгон. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде «Кош болгула – шаарлар жана үйлөр» (1941), «Менин сүйүктүүм» (1942), «Оттор» (1943) ж. б. мыкты чыгармаларын жараткан. «Душмандар үйүмдү өрттөштү» (1945), «Келгин куштар» (1949) ж. б. көптөгөн ырлары эл арасына кеӊири тараган. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946).