БЛОКАДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛОКА́ДА (англ. blockade – камалоо) – 1) кандайдыр бир талаптарды аткарууга мажбурлоо максатында камалоого алынган мамлекетти курчоого алуу ж-а тышкы байланыштарын үзгүлтүккө учуратууга багытталган саясий ж-а экономикалык мүнөздөгү иш-чаралардын системасы. 2) Согуштук Блокада – объектти (аскерлер тобун, шаар, мамлекетти ж. б.) кургактыктагы, аба ж-а деӊиз байланышын үзгүлтүккө учуратуу аркылуу камалоого алуу. Блокаданын максаты – камалоого алынган объектти алсыратып, багынып берүүгө мажбурлоо, жоолашкан мамлекеттин аскердик экономикалык кубаттуулугун начарлатуу болуп саналат.