БЛЭКПУЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛЭКПУЛ – Улуу Британиядагы шаар. Англиянын түн.-батышында жайгашкан (унитардык аймактык түзүлүш статусуна ээ). Калкы 142 миӊ (2002). Ирланд деӊизиндеги порт. Темиржол бекети. Эларалык аэропорту бар (а. и. вертолёт аркылуу шельфтеги бургулоо платформалары м-н байланышат). 14-к-дагы Пул кыштагы 17-к-дан Б. аталат. 18-к-дан климаттык курорт. 1876-жылдан шаар статусуна ээ. 1904–74-ж. шаар-графтык. Белгилүү жерлери: «Алтын миля», «Үч пирс» (деӊиз причалы, мурда шаардагы бай ж-а кедей кварталдары), «Мунара» (бийикт. 155 м, Эйфелева мунарасынын көчүрмөсү, 1894–95). Гранди көркөм гал-сы, цирк, океанариум, зоопарк бар. Экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу; курортторунда 12 миӊден ашык адам эмгектенип, жылына 7 млндон ашык турист (негизинен Англиянын түндүгүнөн ж-а Шотландиядан) келет. Лейбористтик партиянын съезддери, профсоюздар конференциясы, ярмарка, фестивалдар өткөрүлүп турат. Автомобиль [«Ягуар» («Jaguar»)] ж-а кондитер (торт, пирожное) өнөржайы бар.