БОБО-ДИУЛАСО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́БО-ДИУЛА́СО , Б о б о Д ю л а с о (Bolo Dioulasso) – Буркина-Фасо мамл-нин түш.-батышындагы шаар. Уэ провинциясынын адм. борбору. Калкы 360 миӊ (2005); калкынын саны б-ча өлкөнүн борбору Уагадугу ш-нан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому, темиржол бекети. Эларалык аэропорту бар. Б.-Д. өлкөнүн башкы экон. борбору. Тамак-аш (алкоголсуз ичимдиктер, суу май, пиво), самын кайнатуучу, тамеки ишканалары бар; сизаль иштетилет, пахта ж-а шалы тазаланат. Тактай тилинет. Кустардык колөнөрчүлүк (килем токуу, карапа буюмдар, буткийим, эмерек, тери иштетүү) өнүккөн. Чоӊ мечит, пед. орто окуу жайы, ил.-тех. изилдөө бюросу, экон. ж-а социалдык илимдер борбору, пахта ж-а текстиль ин-ту, провинция музейи (заманбап африка иск-во экспозициясы, базилика ж-а скульптура) бар. Батыш-Африка салттуу иск-во көргөзмөсү үзгүлтүксүз болуп турат.