БОБУШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОБУШЕВ Темирбек Сейтказиевич (7.9.1953-жылы туулган, Нарын шаары) – география илимдеринин доктору (2005), профессор (2005). КМУнун география факультетин бүтүргөн (1976). КМУда 1979–96-жылдары окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, Кыргызстан-Америка университетинин илимий-изилдөө борборунда директор (1996–2002.), 1-проректор (2003–04). 100дөн ашык илимий эмгектин автору (анын ичинен 8 китеп, анын экөө англис тилине которулган). Илимий эмгектери Борбордук Азия менен Кыргызстандын экономикалык жана экологиялык коопсуздугуна, региондогу өндүргүч күчтөрдүн жайгашуусуна жана өнүгүүсүнө арналган.

Эмг.: Экономическое развитие Кыргызской Республики: стратегия национального управления. Б., 2003; Центральная Азия: проблемы и перспективы развития. Б., 2003; Экономическая, социальная и политическая география Кыргызстана, Б., 2006 (авторлош)