БОДИ-АРТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БО́ДИ-АРТ (англ. bady art – дене искусствосу) – 1960-ж. калыптанган авангардизм багыты. Өз денесин мезгилдин окуяларына же «акцияга» багытташкан. Б.-а. өкүлдөрүнө (В. Аккончи, К. Берден, Б. Маклин, Б. Науман, Ж. Пане, Р. Шварцкоглер ж. б.) ар кандай манипуляциялык жолдор м-н ийкемдүү-ритмикалык же «үрпадат, салт» белгилери мүнөздүү болгон. Бул акцияларга (ачык эротикалык, кээде өзүн өзү кыйноо) адамдын денесин коомго байланыштырып, шарттуу белги катары түшүндүрүшкөн. Б.-а. атайын фото ж-а видеоциклдерге түшүрүлүп, авангарддык модага (бул элементтерге – татуировка, пирсинг ж. б. кирет) таасир эткен, к. Видео-арт.