БОЗБУ-ТОО МРАМОРЛОШКОН АКИТАШ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗБУ-ТОО МРАМОРЛОШКОН АКИТАШ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, Таш-Көмүр шаарынан 24 км түндүк тарапта, Бозбу-Тоонун түндүк капталында, деӊиз деӊгээлинен 1220–1390 м бийиктикте. Кен аймагын төмөнкү пермь мезгилинде пайда болгон карбонат жана карбонат-терриген чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу катмар мраморлошкон каралжын акиташ тегинен турат. Агыш темгилдүү, майда бүртүкчөлүү. Механикалык жактан бекемдиги 94,8–100,5 МПа. Тоо тек массивинен товардык блоктордун чыгышы 23,4–35,9%. Запасы В категориясы боюнча 507,1 миӊ м3, С1–85,7 миӊ м3, С2–151,0 миӊ м3.