БОЗУЧУК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗУЧУК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга жарамдуу ысык суу булактары. Ысыккөл обл-нун Аксуу р-нунда, Каракол ш-нан 30 км чыгыш тарапта, Тескей Алатоонун түн. капталындагы Бозучук суусунун өрөөнүндө, деӊиз


деӊг. 2200 м бийиктикте жайгашкан. Суу жерг. элге илгертеден белгилүү. Булак борб. бөлүгү граниттерден түзүлгөн антиклинорийдин түн. капталындагы тектон. жарака аркылуу жер бетине чыгат. Булактардын дебити 1,72 л/сек. Хим. курамы, физ. касиети б-ча аз минералдашкан (0,8 г/л), азоттуу (99%), сульфат-хлоритнатрий-кальцийлүү арашан сууларына кирет. Суунун темп-расы 28–30°С. Түссүз ж-а даамсыз, бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Курамында литий, стронций ж. б. бар. Суудагы биол. активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО2 (7 мг/л), H2S (7 мг/л), кремний к-тасы (38 мг/л) ж-а радон (43,9 эман). Б. м. с. дарычылык касиети б-ча белгилүү Кулдур (Хабаров крайы) минералдуу суусуна окшош. Суу м-н муун, таяныч органдарын, нерв, ашказан, тери ж-а гинекология ооруларын дарылоого болот. Жерг. эл пайдалануу үчүн ал жерге «Алтынбулак» дарылануучу жайы курулган. [[Category: 2-том