БОЗ-ЖАЛПАК ТООСУ
БОЗ-ЖАЛПАК ТООСУ Борколдой тоосунун түштүк-чыгышында. Батышы менен түндүгүнөн Борколдой, Баралбас өрөөндөрү, түштүгүнөн Боз-Жалпак ойдуӊу менен чектешет. Чыгышы Кара-Бел (түштүк) жана Миӊ-Теке (түндүк) өрөөндөрүн бөлүп турат. Узундугу 38 км, туурасы 6–12 км. Орточо бийиктиги 4100 м, эӊ бийик чокусу 4447 м (Боз-Жалпак суусунун башталышында). Асимметриялык түзүлүштө: түштүк капталы тик, кыска; түндүгү жантайыӊкы. Эки капталында теӊ тепши сымал туюк өрөөндөр бар. Кыр бөлүгүндө байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Төмөнкү жана ортонку карбондун сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Тоонун түштүк капталы каксоо; тик капталдуу аскалардын этегинде, эшилген шагыл кумдарда баялыш, чекенде, түндүк капталында (3200–4000 м бийиктикте) кара-күрөӊ топуракта кара кыяк, теӊир-тоо бетегеси, шыбактуу доӊуз сырты, жылгын ж. б., андан жогору (4000–4300 м) субальп жана альп өсүмдүктөрү (бетеге, теӊир-тоо чыйпылдагы, тарак баш, боз терескен, кылкандуу күдүү, айгыр жыгар ж. б.) өсөт. Жайыт.