БОЗ-УЧУК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
БОЗ-УЧУК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга жарамдуу ысык суу булактары. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 30 км чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Боз-Учук суусунун өрөөнүндө, деӊиз деӊгээлинен 2200 м бийиктикте жайгашкан. Суу жергиликтүү элге илгертеден белгилүү. Булак борборунун бөлүгү граниттерден түзүлгөн антиклинорийдин түндүк капталындагы тектоникалык жарака аркылуу жер бетине чыгат. Булактардын дебити 1,72 л/сек. Химиялык курамы, физикалык касиети боюнча аз минералдашкан (0,8 г/л), азоттуу (99%), сульфат-хлорит натрий-кальцийлүү арашан сууларына кирет. Суунун температурасы 28–30°С. Түссүз жана даамсыз, бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Курамында литий, стронций ж. б. бар. Суудагы биологиялык активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО2 (7 мг/л), H2S (7 мг/л), кремний кислотасы (38 мг/л) жана радон (43,9 эман). Боз-Учук минералдуу суусу дарычылык касиети боюнча белгилүү Кулдур (Хабаров крайы) минералдуу суусуна окшош. Суу менен муун, таяныч органдарын, нерв, ашказан, тери жана гинекология ооруларын дарылоого болот. Жергиликтүү эл пайдалануу үчүн ал жерге «Алтын-Булак» дарылануучу жайы курулган.