БОЗ КАРАГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ КАРАГАН, и т с и й г е к (Atraphaxis) – өсүмдүктөрдүн кымыздыктар тукумундагы уруусу; бадал жана бадалча. Бийиктиги 10 смден 1 мге чейин. Өркүндөрү тикендүү же тикенсиз. Жалбырагы калыӊ, катуу, бозомук, ар түрдүү формада, жумуртка же бөйрөк сымал, тарамыштанган же тарамыштары билинер билинбес, чети бүтүн, кыска саптуу. Гүлү эки жыныстуу, агыш же кызыл түстүү. Уругу – жаӊгакча. Борбордук Азияда, Жер ортолук деӊиз жээгинде таралган. Кыргызстанда 7 түрү кургак, шагыл таштуу капчыгайда, агын суунун кумдуу жээгинде өсөт. Батыш Европада Мушкетов боз караганы эзелтен бери кооз бадал катары өстүрүлөт. Кээ бир түрлөрү малга тоют.