БОЛМУШ
БОЛМУШ – объективдүү дүйнөнүн, материялык табияттын, ал эми коомдо адамдардын материалдык турмушунун аң-сезимге көз карандысыз жашап турушун белгилөөчү философиянын борбордук башкы категориялары. Болмуш (бытие) – конкреттүү мейкиндикте жана убакытта жашаган бир реалдуулукту белгилөө үчүн колдонулган философиялык термин. Материализм окуусунда болмуштун (Б.) негизин материя түзөт десе, идеализм, тескерисинче, Болмуштун негизи идея (абсолюттук идея, рух) деп эсептейт. Болмуш түшүнүгү метафизиканын өзгөчө бөлүгү – онтологиянын (Болмуш тууралуу окуунун) иликтөө айдыӊы (предмети). Болмуш – бул жашоо, ал – бар чындык, болгон реалдуулук. «Болмуш» түшүнүгү байыркы коомдо адамдар өздөрүн курчап турган дүйнө жөнүндө э ӊ ж а л п ы к ө з к а р а ш түзүү аракеттеринен улам келип чыкканын болжолдошот. Философтор Болмуштун мазмунун субстанция (дүйнө башат, бардыктын башталмасы, түпмаӊыз) менен бир катарда карашкан. Тарыхта Болмуш идеясын алгач байыркы грек ойчулу Парменид алып чыккан. Ал Болмушту «субстанция» менен окшош, төп маанилеш катары караган. Анын ою боюнча Болмуш гана бар. Жок нерсе (небытие) деген жок нерсе. Аны аӊдоого болбойт, андай жок нерсе тууралуу элестөө да мүмкүн эмес. Болмуш жаралбайт, жок да болбойт. Демокрит Болмуштун негизин атомдор түзөт десе, Платон идеялар дүйнөсү анын чыныгы (реалдуу), түбөлүк, өзгөрбөс касиети жана сапаты деп атаган. Жаӊы заман мезгилинде бул олуттуу түшүнүк башкача өӊүттөн карала баштаган. И. Канттын болмуш менен түпмаӊызды (субстанцияны) өз-өзүнчө бөлүп карашы, адамдын иш-аракетиндеги таанымды жана практикалык чөйрөлөрдү маани-маӊызына дейре ажырымдоого алып келген. Г. Гегелдин ырастоосунда Болмуш жана ойлоо (мышление) категориялары маӊызы боюнча бипбирдей, окшош. Ойлоо ныпым жок нерседен (небытие) башталып, өзүнүн карама-каршысы – Болмуш категориясына өтөт. 18–19-кылымдардагы материализм болмуш менен материяны бипбирдей, төп деп эсептеген. 20–21-кылымдардын философиясынын Э. Гуссерль, М. Шелер, Н. Гартман, М. Хайдеггер сыяктуу өкүлдөрү Болмушту жаӊы өӊүттөн, субстанция түшүнүгүнөн ажыратып карай башташты (к. Экзистенциализм).
М. Эдилова.