БОЛОНЬЯ КЕЛИШИМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛО́НЬЯ КЕЛИШИМИ – 1999-жылдын 19-июнунда Европанын 29 өлкөсүнүн билим берүү министрликтеринин ортосунда кол коюлган келишим. Болонья шаарында түзүлгөндүктөн, Болонья келишими деп аталып калган. Ал жогорку билим берүү тармагында европалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү 1998-жылы Сорбонна келишиминин негизинде түзүлгөн. Болонья келишими 10 жылдын ичинде бирдиктүү европалык билим берүү системасын түзүү максатын көздөйт. Киргизилип жаткан бирдиктүү жогорку билим берүү системасы эки циклден турат: толук эмес жогорку билим – «бакалавр» титулу, ал кеминде 3 жылга созулуп, билим алууну улантууга, эмгек рыногуна жарамдуу квалификация болуп эсептелет. Толук жогорку билим – «магистр» же «доктор» титулдары берилет.