БОЛОНЬЯ УНИВЕРСИТЕТИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОЛО́НЬЯ УНИВЕРСИТЕТИ – Европадагы байыркы университет. Италиянын Болонья шаарында жайгашкан. 11-кылымда негизделген. Диссертация жазуу, аны коргоо жана ага жараша илимий даража берүү салты биринчи жолу ушул университетте пайда болуп, бара-бара дүйнө жүзүнө тараган. Бул окуу жайда бардык тармактар боюнча адистер даярдалат. Учурда 60 миӊден ашуун студент билим алат.