БОЛОТ-БЕТОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛОТ-БЕТО́Н – портландцемент, кварц куму, болот кырындысынын аралашмасынан алынган бышык бетон. Конструкциясы бетон жана болот арматурасынын айкалышынан турат. Бетон негизинен кысуу, ал эми арматура – чоюу күчүнө туруштук берет. Ал көпкө жешилбейт жана бекем, узакка чыдамдуу, калыптоого ийкемдүүлүгү менен артыкчылыкка ээ. Ал өнөр жай имаратынын, панел үйдүн таманына төшөлөт, көпүрө курууда, гидротехникалык курулушта ж. б. кеӊири колдонулат.