БОЛУШ
БОЛУШ (орусча волостной) – аймактык-башкаруу бирдиги – болуштуктун башкаруучусу. Болушту шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен ишке ашкан. Шайлоо эки баскычтан турган. Болушту шайлоодон мурун он башылар, элүү башылар, старчындар дайындалуучу. 50 түтүн шайлоочудан бир элүү башы шайланган. Болуш ошол элүү башылардын курултайында 3 жылдык мөөнөткө шайланып, аскер губернатору тарабынан бекитилген. Бул кызматка, адатта колунда бар адамдар көрсөтүлгөн. Болуштар өкмөттүн жарлыктары менен сот өкүмдөрүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, жер чатагын чечүү, жер, чабынды бөлүп берүү, салык салуу, жыйноо сыяктуу иштерди аткарышкан. Болуштук башкаруучуларга – Болуш, Болуштун кандидаты (Болуш өлсө анын ордун баса турган киши), катчы (писарь) кирген. Ал ишинин көбүн катчы менен жүргүзгөн. Адатта катчылар орус улутунан болгон, к. Болуштук.