БОЛУШТУК
БОЛУШТУК (орусча волость – аймактык башкаруу бирдиги) – падышалык Россиядагы аймактык-башкаруу бирдиги. Кыргызстан Россиянын курамына кошулгандан кийин 1867-жылы 11-июлда бекитилген «Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустарындагы абал жөнүндө» жобонун негизинде Кыргызстандын аймагы уезддерге, уезддер Болуштуктарга бөлүнгөн. 1868-жылы алгачкы шайлоо өткөрүлгөн. Болуштуктар 1000–2000 түтүндөн турган. Мисалы, 1913-жылы Пишпек уездинде 50, Пржевальск уездинде 33 Болуштук болгон. Жер которуп келгендерден өз алдынча жамааттар (общиналар) түзүлүп, аларды «кыштак болуштуктары» деп аташкан. Калкты аймакташтырып бөлүштүрүү кыргыздардагы ар түрдүү уруу топторунун бир аймактык башкаруу бирдикке биригишине жол ачып, кезегинде жергиликтүү отурукташкан жана көчмөн калктын арасындагы чыр-чатактын, кагылыштардын, барымталардын азайышына алып келген, көчмөн элдин отурукташына аздыр-көптүр шарт түзгөн. Болуштук бөлүнүш 1917-жылга чейин сакталып, Совет бийлиги орногондон кийин советтик негизде кайрадан уюштурулган. Алсак, Кыргызстанда 1926-жылы 4 округга баш ийген 72 Болуштук болгон. СССР БАКы менен ЭКСтин 1930-жылы августтагы чечимине ылайык, жаӊы аймактык-бийликке бөлүү ишке ашырылып, райондор түзүлгөндүгүнө байланыштуу Болуштуктар жоюлган; Кыргызстанда Болуштукту башкаруучу адам болуш (волостной) деп аталган.