БОЛЧАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БО́ЛЧАР – байыркы кыргыз уруусу (6–10-кылымдар). Жазма булактарда Болчарлар менен бирге «ач», «ли» аттуу кыргыздардын башка уруулары эскерилет. Кыргыз каганынан Тибетке барган (8-кылымдын баш чени) Эрен Улуг аттуу элчи Болчар уруусунан чыккандыгы маалым. Мындай маалымат Алтын-Көлдөгү (Хакасия) кыргыздарга таандык таш бетине рун жазмасы менен чегилген эстеликте сакталып калган.
О. Каратаев.