БОЛЬШЕВИКТИК ТОПТОР
БОЛЬШЕВИКТИК ТОПТОР К ы р г ы з с т а н д а г ы. Февраль революциясынан кийин Кыргызстанда социал-демократиялык топтор түзүлө баштаган. 1917-жылы мартта Сүлүктүдө тажрыйбалуу большевик Д. Т. Деканов большевиктик топ түзгөн жана башчылык кылган. Социал-демократиялык топтор апрель-июнда Пишпекте, Ошто, Кызыл-Кыяда пайда болгон. Кыргызстандагы бул топтордун өзгөчөлүгү – адегенде алардын курамында большевиктердин, кийин меньшевиктердин жана эсерлердин болгондугунда. Пишпектеги жана Оштогу топтордо меньшевиктер басымдуулук кылган. 1917-жылы май айында большевиктер Пишпекте кыргыздардын революциячыл Букара союзун түзүшкөн. Аны түзүүдө К. Сарыкулаков, К. Сандыбаев, Б. Мурчатов ж. б. чоӊ роль ойногон. Бул союз кыргыз кедейлеринин социалдык жана улуттук кызыкчылыктарын коргогон. «Букара» союзу 1917-жылы күздө 7 миӊден ашуун адамды бириктирген. Октябрь революциясынын жеӊишинен кийин большевиктик топтор алгачкылардан болуп Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Ошто түзүлгөн. Оштун большевиктеринин арасында М. Сарымсаков, Б. Султанов ж. б-дын таасири чоӊ болгон. 1918-жылы 2-апрелде Пишпекте большевиктик топтордун уюштуруу жыйналышы болуп, ал М. И. Иваницын жетектеген шаардык партиялык комитетти шайлаган. Активдүү массалык-саясий иштердин натыйжасында Пишпек шаардык партиялык комитети тез эле уезддик-шаарком болуп кайра түзүлгөн. 1918-жылдын жарымында көптөгөн айылдарда большевиктик уюмдар, кийин Токмок, Каракол, Нарында шаардык партиялык уюмдар түзүлгөн.