БОЛЬШЕВИК (Кара-Суу районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БОЛЬШЕВИК 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛЬШЕВИ́К – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Жоош айыл аймагына караштуу. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 8 км түштүк тарапта. Деӊиз деӊгээлинен 850 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4682 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча бар.