БОМБА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́МБА (лат. bombus – дүрүлдөө, дүӊгүрөө) – 1) артиллериялык снаряддын эски аталышы. 19-кылымдан баштап, орус артиллериясында салмагы 1 пуддан (16 кг) ашкан снаряд Бомба деп аталган (андан жеӊили – граната). 2) Авиациялык Бомба – авиациялык курал-жарактардын бир түрү. Ядролук, фугастык, жарылып чачырагыч, броня жаргыч, танкага, кемеге каршы ж. б. түрлөрү бар. 3) Суу астындагы кайыктарды кыйратуучу снаряд. Мындан тышкары, диверсиялык максатта даярдалган колдо жасалган снаряддар да Бомба деп аталат.