БОМБАЛООЧУ АВИАЦИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОМБАЛООЧУ АВИА́ЦИЯ – согуш авиациясынын кургактагы же деӊиздеги объектилерди бомба жана ракета менен кыйратуучу түрү. Авиациянын милдетине жана учуу тактикалык көрсөткүчтөрүнө ылайык, Бомбалоочу авиация фронттук жана стратегиялык (АКШ армиясында тактикалык жана стратегиялык) болуп бөлүнөт. Ф р о н т т у к Бомбалоочу авиация кургактагы аскер күчтөрүнүн аракетин колдоого, с т р а т е г и я л ы к Бомбалоочу авиация душман тылындагы объектилерди бомбалоодо пайдаланылат. АДФ аскерлеринин аракетин сүрөмөлөө үчүн да колдонушат. Бомбалоочу авиациянын негизги куралы – башкарылуучу жана башкарылбоочу ракеталар.