БОНАПАРТИЗМ
БОНАПАРТИЗМ – Франциядагы саясий тенденцияларга карата колдонулган авторитардык режим. Парламенттик демократияны четке кагып, күчтүү аткаруу бийлигин ырастаган. 1799-жылы Наполеон I Бонапарт жүргүзгөн мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында – биринчи, Луи Наполеондун (Наполеон III) Экинчи Империя учурунда (1852–70) – экинчи бонапартисттик режим орнотулган. Наполеон III нүн бийлиги астында Бонапартизм «толук» формага ээ болгон. Бонапартисттик режимдердин түзүлүшү, француздардын «улуттук биримдигин» калыбына келтирүү жана «укуктук тартипке» кайтып келүү ураандары астында өткөн, 1789 жана 1848-жылдагы революциялардан улам келип чыккан курч социалдык карама-каршылыктарды жеңүүгө жана революциянын жеңиштерин (жаңы пайда болгон буржуазиянын укуктарын таануу, жеке эркиндиктер, саясий теңчиликти жарыялоо ж.б.) бекемдөөгө багытталган. Бонапартизмдин идеологиясы улутчулдуктун, консерватизмдин, либерализмдин, ал тургай социализмдин (сенсимонизм) постулаттарын бириктирип, эклектикалык жана демагогиялык мүнөздө болгон. Бонапартисттик режимдерди колдогон социалдык күчтөр – дыйкандардын консервативдик массасы болгон. Бонапартизм негизинен армия менен полицияга таянган. Бонапартисттик режимдер ар кандай таптар менен социалдык топтордун ортосундагы маневрлер менен мүнөздөлгөн. Бонапартисттик режимдердин ички саясатта экономикалык либерализмди, тышкы саясатта Франциянын континентте жана анын чегинен тышкары жерде үстөмдүк кылуучу позициясын бекемдөөнү көздөгөн (бул Биринчи жана Экинчи Империялардын кыйрашына алып келген). 20-кылымдын башында Бонапартизмдин идеологиялык тенденциялары Шарль де Голль түзгөн Бешинчи Республиканын конституциясынан байкалат. Андан кийин «Бонапартизм» термини ар кандай аскердик-диктатордук жана авторитардык режимдерди мүнөздөө үчүн колдонулат.
Ад.: БРЭ, 4-том, М. 2006.