БОНИ́СТИКА
(БОНИ́СТИКА – барагынан багытталды)
БОНИ́СТИКА – 1) кагаз банкноттордун, лотерея билеттердин, баалуу кагаздардын ж.б. коллекцияларын жыйноо; 2) кагаз банкнотторду, облигацияларды изилдөөчү илим. Нумизматика менен тыгыз байланышта. Бонистика 19-кылымдын 70-жылдарында пайда болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдары жана кийинки мезгилде (1920-жылдардын ортосуна чейин) акчанын чыныгы наркынын төмөндөшү менен алгач Германияда жана Россияда, кийин башка өлкөлөрдө суррогаттарынын коллекциялары жыйнала баштаган.