БОНИФИКAЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОНИФИКAЦИЯ (фр. bonification‚ лат. Bonifico – жакшы) – 1) сапаты келишим‚ стандарт‚ базис кодификациясы менен белгиленгенден жогору товар баасына үстөк; 2) экспорттолуучу товарлардан алардын атаандаштыкка туруктуулугун дүйнөлүк рынокто жогорулатуу максатында алынган салыгын кайтарып берүү; 3) карыз алуучунун белгилүү бир категориясына берилүүчү кредит процентинин өлчөмүн кыскартууга мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик субсидия (процент Бонификациясы). Турак жай курулушун‚ айыл чарбасын‚ экспорт соодасын мамлекеттик жөнгө салуунун‚ ошондой эле региондун өнүгүшүнө өбөлгө түзүүнүн ыкмасы катары колдонулат; 4) конверцияланган мамлекеттик заёмдун облигацияларынын ээлеринин бир жолку акчалай төгүмү.