БОНСAЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОНСAЙ – өсүмдүктөрдөн өстүрүлгөн, көлөмү кичинекей көчүрмө; Чыгыш өлкөлөрүнө тиешелүү искусство. Кытайда 2 миӊ жыл мурда пайда болгон, кийинчерээк Японияда өнүккөн. Европалыктар биринчи жолу бонсайды 19-кылымда, Россияда 20-кылымдын экинчи жарымында таанышкан. 1984-жылы бонсайдын Европа ассоциациясы уюшулган. Бонсай стилиндеги композициялык салт – өткөндөгүлөрдүн көчүрмөсү жана күндөлүк турмуштун белгиси. Бул композициялык салт миӊдеген жылдардан бери сакталып келүүдө. Искусствонун бул түрү өсүмдүктүн өсүшүн токтотуп, бутактарын ар түрдүү формага келтирип кесет. Бонсай композициясынын стили жаратылыштын кичине формасын кайталайт: түз өскөн теректер (теккан) же жарым ийилген (сянан) жалгыз же сөӊгөктүү бутактар, сөӊгөктүү (кабудати), баш жагы «мажүрүм тал» сыяктуу ж. б. Бонсайдын токой көрүнүшүндөгү композициясы кеӊири тараган (ёсэ-уэ) же жерде өскөн бактын сөӊгөктөрү тик бутактууга айланган. Бонсай стилинде декоративдик (арча, зараӊ ж. б.) же мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн (майда мөмө берүүчү алмалар, пираканта, санура ж. б.), ошондой эле көп жылдык чөптүү, гүлдүү өсүмдүктөрдү өстүрүшөт. Көбүнчө бак-дарактардын сөӊгөктүү түрлөрүн колдонушат. Бонсайга жаратылыш ландшафтын тууроо максатында таштар жана мохтор пайдаланылат.
Ад.: Дханда Л. Культура бонсай. М., 1990; Кассинс К. Бонсай для начинающих. М., 2004.
Н. Жылдызова.

Зараӊ дарагы менен композиция.