БООР-АЛБАС КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БООР-АЛБАС КЫРКА ТООСУ, И т е л г и - У я т о о с у. Ички Теӊир-Тоодо. Соӊ-Көл өрөөнүнүн түштүк жагында батыштан чыгышты карай созулуп жатат. Узундугу 70 км. Бири-бирин далдалаган жана өзүнчө обочолонуп жаткан эки кырка тоодон турат (Боор-Албас, Ителги-Уя). Орточо бийиктиги 3500 м. Эӊ бийик жери 3980 м (Ителги-Уя чокусу). Девон менен карбондун боз жана кызыл түстөгү карбонаттуу терриген тектеринен, айрым жерлери кембрий менен ордовиктин көмүртектүү сланец жана карбонаттуу катмарларынан түзүлгөн. Түндүк капталдары менен кыр жагында алгачкы палеозойдун гранит интрузиялары басымдуулук кылат. Боор-Албас кырка тоосунун борбордук бөлүгү өтө бийик келип, батышты жана чыгышты карай жапыздайт. Түштүк капталдары тик, кемерлүү, түндүк тарабы анча тик эмес, Соӊ-Көлгө карай этек жагы жантайып кетет. Айрым жерлеринде байыркы денудациялык тегиздиктер кездешет. Таманы тегиз өрөөндөр жана аларды бөлүп турган жапыз жондор көлдү карай эӊкейиштейт. Ителги-Уянын күнгөй бети тик, тескейи жантайыӊкы; кырларында айдөөш тегиздиктер даана байкалат. Боор-Албас кырка тоосунда байыркы мөӊгүлөрдүн издери кеӊири таралган; азыркы мөӊгүлөр жок. Ландшафттары бийиктикке жана тоо капталдарынын экспозициясына жараша өзгөрөт. Тескей капталдарын 3150 м бийиктикке чейин түркүн чөптүү (шимүүр, каз таман, көбүргөн) субальп, андан жогору альп шалбаалары (түркүн гүлдүү чөптөр, доӊуз сырт) ээлейт. Соӊ-Көлгө такалган этегинде өлөӊ чөп, саздуу шалбаа басымдуу. Күнгөй беттерине бетегелүү (тоо сулу, каз таман, шимүүр ж. б.), түркүн чөптүү талаа (2500–3000 м), жапалак арча, бадалдар (төө куйрук, табылгы), бетеге, түркүн чөптөр аралаш өскөн субальп (3000–3500 м) жана альп шалбаалуу талаа (3500 мден жогору) зоналары мүнөздүү. Куртка өрөөнүндө тоонун Кажырты суусуна караган беттеринде карагай токоюнун массивдери бар. Жайлоо.