БООР ЭТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БООР ЭТ, д и а ф р а г м а – адамдын жана сүт эмүүчүлөрдүн көкүрөк көӊдөйүн ич көӊдөйүнөн бөлүп туруучу тарамыш-булчуӊдуу тосмо. Жогору жагы томпок кумпа сымал болот. Аны толтодон чыккан жогорку жана төмөнкү боор эт артериялары кан менен камсыз кылат. Ал дем алуу кыймылына катышат: дем алганда төмөн түшүп, дем чыгарганда жогору көтөрүлөт.