БООР (тамак сиӊирүүчү орган)
БООР – тамак сиӊирүүчү орган (без). Омурткасыз жаныбарларда азык эритүүгө жана сиӊирүүгө катышып, организмге керек заттарды топтойт. Хордалуу жаныбарлар менен адамда зат алмашуу процессин жөнгө салат жана тамак сиӊирүүчү маӊыздын бири – өт бөлүп чыгарат. Боор – адамдагы эӊ чоӊ без. Салмагы 1,5 кгдай, өтө татаал түзүлүштүү орган. Ал зат алмашуу процессине, денедеги уу заттарды зыянсыздандырууга катышат; Боордо кан белоктору, альбуминдер, глобулиндер, канды уютуучу көпчүлүк заттар синтезделет. Ошондой эле май сиӊирүүгө жардам берүүчү өт бөлүнүп чыгат. Ал ич көӊдөйүнүн жогорку бөлүгүндө, оӊ сүбөнүн астында жайгашат, үстүӊкү жана астыӊкы бети, алдыӊкы жана арткы бети болот. Үстүӊкү бети томпок болуп, боор этке, астыӊкы жагы башка ички органдарга жанаша жатат. Боор оӊ (чоӊ) жана сол (кичине) бөлүктөн турат. Астыӊкы бетинде боорго кан тамырлар, нервдер кирүүчү, лимфа тамырлары менен өт түтүктөрү чыгуучу боор дарбазасы, ошондой эле өт баштыкчасы жайгашат. Морфологиялык түзүлүшү майда бөлүкчөлөрдөн турат. Бөлүкчөлөр өз кезегинде боор клеткаларынан, артерия, вена кан тамырларынын майда капиллярларынан, ошондой эле өт агызуучу түтүкчөлөрдөн турат. Бөлүкчөлөрдүн дал ортосунда борбордук вена жайгашкан. Боор клеткаларынын арасында өт капиллярлары кандагы заттарды сиӊирүүгө, бактерияларды, эритроцит калдыктарын, май тамчыларын тосуп алууга жана эритүүгө жөндөмдүү. Өт бөлүп чыгаруучу боор клеткаларынын арасында өт капиллярлары жайгашкан. Боор бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы туташтырма тканынан артерия, вена, өт түтүгү, нервдер жана лимфа тамырлары өтөт. Боор артериясы аркылуу боорго артерия каны кирет, ал эми дарбаза венасы аркылуу вена каны агып чыгат. Кан жүрүүчү тамырлар аркылуу боордун бөлүкчөлөрүнөн өтүп, борбордук венага чогулат, андан ары төмөнкү көӊдөй вена –боор венасына куюлат.

3 – өт баштыгынын өткөөлү; 4 – боор өткөөлү; 5 – боор артериясы;
6 – боордун дарбаза венасы; 7– боордун оӊ бөлүгү; 8 – төмөнкү көӊдөй вена;
9 – өт агуучу түтүк; 10 – боордун сол бөлүгү.