БОРАЦИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОРАЦИ́Т – бораттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Mg3B7O13Cl. Куб жана ромб сингониясында кристаллданат. Түссүз, айнектей, кээде алмаз сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 7–7,5. Салыштырма салмагы 2,97. Ал ангидрит жана таш туздарынын кендеринде кезигет. Бор кенташынын негизги минералы.