БОРБОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОРБОР – 1) административдик-саясий очок, мамлекеттин, бийликтин жогорку органдары, борбордук мекемелер жана ведомстволор жайгашкан башкы шаары, калктуу пункту. Айрым мамлекеттерде өзүнчө административдик бирдик катары бөлүнөт. Мамлекеттин, облустун, райондун Борборлору болот. Кыргызстандын Борбору – Бишкек шаары; 2) Ордонун хан, чүкө салуучу жери (тегерек сызыктын дал ортосу); 3) Бир нерсенин чок ортосу, орто бөлүгү; тегеректин Борбору; 4) Бир нерсенин негизи, чордону.