БОРБОРДУК АЗИЯ
БОРБОРДУК А́ЗИЯ – Евразия материгинин ички бөлүгүн ээлеген табигый аймак; субконтинент. Ал Борбордук Казакстанды, Туран ойдуӊун, Балкаш боюн, Түндүк-Батыш Кытай менен Орто Азиянын тоолорун жана түздүктөрүн, Түштүк Монголия жана Түндүк Кытайдын түздүктөрү менен бөксө-тоолорун, Түндүк Монголияны, Памир, Гиндикуш, Кара-Корум, Куньлунь, Алтын-Таг, Наньшань тоолорун, Тибет тайпак тоосун өзүнө камтыйт. Түндүгүнөн Батыш Сибирь түздүгү, Түштүк Сибирь тоолору, чыгышынан Чыгыш Азия, түштүгүнөн Түштүк Азия, батышынан Түштүк Урал жана Мугалжар, Каспий бою ойдуӊу, түштүк-батышынан Иран тайпак тоосу менен чектешет. Региондун чеги боюнча түрдүү пикирлер болгон. Борбордук Азия деген түшүнүктү алгачкы жолу А. Гумбольдт 19-кылымдын ортосунда киргизген. Ал өзүнүн 3 томдуу «Борбордук Азия» аттуу монографиясында (1843) Азиянын чөл ландшафттуу, океандан алыс жайгашып, туш тарабынан тоолор менен курчалган бүт аймагын Борбордук Азия деп, ага Орто Азияны жана Тибетти кошкон. Орус геологу жана географы В. А. Обручев Куньлунь тоолорунан түндүк тараптагы бөксө тоолуу, чөлдүү аймакты Борбордук Азия деп атаган. Геолог В. М. Синицын региондун өзгөчөлүгүн туш тарабынан тоолор менен курчалып, материктин ички бөлүгүндөгү абалы, климатынын ариддүүлүгү, сыртка агып чыккан дарыяларынын жоктугу түзөт деп белгилеген. Бул белгилери боюнча ал борбордук жана Орто Азиянын ички ойдуӊдарын, Тибеттин басымдуу бөлүгүн (чыгышынан башкасын), Чыгыш Памирди камтыйт.
Азияны изилдеген белгилүү илимпоз Э. М. Мурзаев Борбордук Азияга түндүктө мурдагы СССРдин мамлекеттик түштүк чек арасынан түштүктө Тибет тайпак тоосунун түштүк чет-жакасына чейинки аймакты киргизген. СССР ыдырагандан кийин Орто Азия республикаларынын аймагы да Борбордук Азиянын курамында каралууда. Субконтинеттин табиятынын жалпы өзгөчөлүгүн региондун материктин борбордук бөлүгүндө, кескин континеттик климат өкүм сүргөн мелүүн жана субтропиктик алкактарда жайгашкандыгы аныктайт; абанын темппературасынын амплитудасы 90°Сге жетет; кышы өтө суук. Бийик жана салыштырмалуу жапыз тоолор жана дөӊсөөлөр менен курчалган ойдуӊдар басымдуу. Бийиктик амплитудасы өтө зор. Турпан ойдуӊу деӊиз деӊгээлинен 154 м төмөн, ал эми Кара-Корум тоосундагы Чогори чокусу 8611 м бийик жайгашкан. Илимпоздордун пикири боюнча Куньлунь, Наньшань ж. б. Тоолор акыркы 10 миӊ жыл ичинде 1300–1500 м көтөрүлгөн. Климатынын ариддүүлүгү – региондун материктин борбордук бөлүгүндө жайгашканына жана ойдуӊдуу рельефине байланыштуу. Климатка жараша табияттын башка компоненттери да өзгөчөлөнөт. Мисалы, тоо капталдарынын эрозиясы плювиал мезгилдеринде гана жүргөн; суунун таӊкыстыгынан муз каптоо дээрлик болгон эмес; байыркы тайпак жондор сакталган; азыркы денудация жай жүрүп, аларды негизинен үбөлөнүү процесси, корумдар, мезгил-мезгили менен аккан агын суулар түзөт; тоо тек сыныктары алыс шиленип кетпей, тоо капталдарында гана топтолот («кесек тектерге көмүлгөн тоолор»); жер астындагы суулары тереӊ жатып, көбүнчө минералдашкан; агын суулары сыртка агып чыкпаган туюк облусту түзөт; дарыялары сууга жарды; көлдөрү көбүнчө туздуу, чанагы туруксуз, «жолбун суулар жана көлдөр» мүнөздүү; чөл, жарым чөл жана кургак талаа ландшафттары үстөмдүк кылып, алардын астында коӊур, бозомук-коӊур, айрым жерлеринде каштан топурактары өөрчүйт; шор жерлер кеӊири таралган; өсүмдүктөрү жана жаныбарлары кургакчыл шартка байымдуу.
Борбордук Азиянын калкы аймак боюнча бир кылка отурукташкан эмес. Негизинен дарыя өрөөндөрү, суусу бар тоо аралык ойдуӊдар, ошондой эле климаты салыштырмалуу жагымдуу келген түндүктөгү айрым жерлери өздөштүрүлгөн. Калк дээрлик жашабаган зор аймактары да кездешет. Суунун таӊкыстыгынан табигый ресурстары да дээрлик пайдаланыла элек. Ушуга байланыштуу субконтинетте табияты салыштырмалуу аз өзгөргөн табигый комплекстүү зор аянттар да кездешет. Региондо үстөмдүк кылган организм үчүн экстремалдык экологиялык шарт Борбордук Азияны өздөштүрүүдө өтө кылдат мамилени талап кылат. Борбордук Азияда төмөнкү өлкөлөр жайгашкан: Кытай (басымдуу бөлүгү), Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан.
Ад.: Мурзаев Э. М. Природа Синьцзяна и формирование пустынь Центральной Азии. М., 1966; Синицын В. М. Центральная Азия. М., 1959; Петров М. П. Пустыни Центральной Азии. Т. 1–2. М.; Л., 1966; Притула Т. Ю., Ерлмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.
Ө. Бараталиев.