БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ
БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АМЕ́РИКА УНИВЕРСИТЕТИ (БААУ) – Кыргызстандагы жогорку окуу жайы. Бишкек шаарында жайгашкан. Ал Борбордук Азиядагы АКШ гуманитардык коллежинин моделиндеги алгачкы жана жалгыз окуу жайы болуп саналат. Окуу планы жана кредит-саат системасынын негизинде америкалык үлгү боюнча иш жүргүзөт. 1993-жылы Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин алдында Кыргыз-Америка факультетити катары уюшулган. БААУда америка таануу, бизнес башкаруу, маданий антропология жана археология, экономика, эл аралык саясат, журналистика, укук, психология, социология, программалуу камсыздоо долбоору багыттары боюнча билим берилет. Бүтүрүүчүлөрү америкалык бакалавр дипломун алышат. Бул окуу жайдагы бакалавр даражасын алган студенттер магистратурага тапшырууга укуктуу. Профессордук-окутуучулук курамында АКШ, Улуу Британия ж. б. чет өлкөлөрдөн келген жана кыргызстандык окутуучулар эмгектенишет. 1065 студент билим алат (2005), анын ичинен Кыргызстандык студенттердин саны 830 (78%), башка мамлекеттен келгендер 235 (22%). Окуу жайы мультимедиалык лаборатория, компьютер, видео жана аудиосистемалары, китепкана фонду, гезит, илимий журналдар менен жетиштүү жабдылган. Окутуу орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.