БОРБОРДУК АЗИЯ ОЮНДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОРБОРДУК А́ЗИЯ ОЮНДАРЫ – Эл аралык Олимпия комитетинин колдоосу менен өткөрүлүүчү оюндардын бири. Бул региондук оюндар Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын катышуусу менен спорттун 12 түрү боюнча (баскетбол, бокс, грек-рим күрөшү жана эркин күрөш ж. б.) өткөрүлөт. Мындай оюндарды өткөрүү үчүн атайын региондук уюштуруу комитети түзүлөт. Борбордук Азия оюндарынын биринчиси Ташкентте (1995), экинчиси Алматыда (1997), үчүнчүсү Бишкекте (1999), төртүнчүсү Ашхабадда (2003) өткөн. 2001-жылы Дүйшөмбүдө пландаштырылган оюн саясий себептер менен болбой калган. Бул мелдештерге Кыргызстандан Т. Казиев (дзюдо), К. Андрюшин (сууда сүзүү), У. Калилов (грек-рим күрөшү) ж. б-лар катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.