БОРБОРДУК АМЕРИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК АМЕ́РИКА – Түндүк Америка материгинин эӊ түштүк четки бөлүгү. Тропиктик кеӊдиктен орун алган. Анда Мексика (түштүк-чыгыш бөлүгү), Белиз, Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама жана Сальвадор мамлекеттери жайгашкан. Борбордук Американын табигый түндүк чеги Мексика тайпак тоосунун түштүк четиндеги Бальсас тектоникалык өрөөнү, түштүгү Дарьен мойногу боюнча өтөт. Кээде түндүк чеги Теуантепек мойногу, түштүк чеги Панама мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Туурасы Юкатан жарым аралы тушта 960 км, Панама мойногунда 48 кмге чейин. Борбордук Америка Түндүк Америка менен Түштүк Американын аралыгында жайгашкандыктан, табигый шартында эки материктин теӊ таасири бар. Тектоникалык жактан эки материк менен теӊ байланышта, климаты, флора жана фаунасы боюнча көбүнчө Түштүк Американын түндүк аймактарына окшош. Орто бийик тоолор жана жанар тоонун аракетинен пайда болгон кырка тоолор басымдуу. Катуу жер титирөөлөр болот, аракеттеги жанар тоолору (Тахумулько, бийиктиги 4217 м ж. б.) бар. Климаты тропиктик, жылына 3000–5000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Түндүк-чыгышын нымдуу тропик токою, түштүк-батышын жана түндүгүн жалбырагын күбүүчү токой жана бадал өсүмдүктөр ээлейт.