БОРБОРДУК АФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК А́ФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫ (БАР) (Republique Centrafricaine) – Борбордук Африкадагы мамлекет. Батышынан жана түштүк-батышынан Камерун, түштүгүнөн Конго Демократиялык Республикасы жана Конго Республикасы, түндүк-батышынан Чад Республикасы, түндүк-чыгышынан Судан менен чектешет. Аянты 623 миӊ км2. Калкы 5,0 млн (2021). Мамлекеттик тили – француз жана санго тилдери. Борбору – Банги шаары. Административдик-аймактык жактан 16 префектурага, 1 автономия коммунасына (борбору) бөлүнөт. Акча бирдиги – Батыш Африка валюта союзунун франкы.

Мамлекеттик түзүлүшү. БАР – унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 1995-жылы 7-январда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Конгресс (Улуттук чогулуш жана Экономикалык жана региондук кеӊеш). 1991-жылдан көп партиялуу система киргизилген. Саясий партиялары: Демократия жана прогресс үчүн альянс, Демократия жана өнүгүү кыймылы, Прогресс үчүн патриоттук фронту, Социал-демократиялык партия, Борбордук-Африка демократиялык бирикмеси партиясы ж. б.
Табияты. БАР Конго менен Шари дарыяларынын алабында, негизинен саванна жана сейрек токойлуу субэкватордук аймакта жайгашкан. Аймагынын көбүн Азанде дөӊсөөсү ээлейт, бийиктиги 600–900 м (эӊ бийик жери Нгая чокусу, 1388 м), ал аралча тоолордон жана кенен өрөөндөрдөн турат. Четки түндүгүн (Чад ойдуӊунун түштүк чети тегиз, айрым жери саздуу) түздүк ээлейт. Климаты субэкватордук, жайы нымдуу ысык. Айлык

Банги шаары, арткы планда Ибанги дарыясынын жээгиндеги дөӊсөөлөр.

орточо температурасы 21°Сден 31°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1000–1200 мм, түштүгүндө 1600 мм. Башкы дарыялары – Убанги, Санга (кеме жүрөт). Шари дарыясынын системасына кирген көп дарыялар Чад көлүнө куят. Бийик чөптүү саванна, сейрек токой, четки түштүгүндө нымдуу экватордук жыш токой басымдуу. Өлкөнүн аймагынын 12%ин токой жана бадал ээлейт. Жери кызыл топурактуу. Улуттук парктары: Сен-Флорис, Баминги-Бангоран, Андре-Феликс.
Калкынын негизин банда (29%), гбайя (25%), нгбанди (11%), занде (10%) түзөт, ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Көпчүлүк салт болуп калган динди тутат (57%) калгандары христиандар (35%) менен ислам (8%). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 47, аялдарыныкы – 52 жаш. Шаар калкы 47%. Ири шаарлары: Банги, Бвар, Бамбари ж. б.
Тарыхы. БАРдын байыркы мезгилдеги тарыхы толук изилденген эмес. 16-кылымдан азыркы БАРдын түндүк-батыш бөлүгү Багирми мамлекетинин курамына кирген. 19-кылымдын ортосунда анын аймагынын айрым бөлүктөрү Дарфур султандыгына жана Вадаи мамлекетине көз каранды болгон. 19-кылымдын аягында БАРдын аймагынын көп бөлүгү Раббаха мамлекетине караган. 1891–95-жана Француз колониячылары БАРдын аймагында Форт-Россе, Форт-Сибю, Форт-Крампель, Банги ж. б. аскер гарнизондору жайгашкан таяныч пунктарын негиздешкен. Раббахтын армиясын талкалаган соӊ (1900), алар БАРды толук каратышып, ал 1904-жылы Убанги-Чад француз колониясына кошулган. 1910-жылы бул чөлкөмдөгү

Франциянын башка колонияларынын катарында Француз Экватордук Африкасынын (ФЭА) курамына кирген. 1914-жылы азыркы БАРдын аймагы ФЭАнын курамындагы Убанги-Шари аталган өз алдынча колонияга айландырылган. Франция Габон, Ортоӊку Конго жана Убанги-Шариде жаратылыш ресурстарын иштетүүнү жеке компанияларга монополиялык концессияга берген. 1928-жылы колониялык эзүүгө каршы көтөрүлгөн гбайя элинин көтөрүлүшү («гбайя согушу») 1930-жылы басылган. 1946-жылы түзүлгөн өлкөдөгү алгачкы африкалык партия (Кара Африканын социалдык эволюциясы үчүн кыймыл) улуттук-боштондук күрөш ураанын көтөргөн. Ошол эле жылы Убанги-Шариге Франциянын «деӊиздеги алыскы аймагы» статусу берилген. 1957-жылы африкалыктар курамына кирген алгачкы Өкмөттүк кеӊеш түзүлгөн. 1958-жылы Борбордук Африка Республикасы (БАР) деген аталышта Француз коомунун курамындагы автономия республикасы, ал эми 1960-жылдын 13-августунда толук көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1960-жылы 14-августта Д. Дако БАРдын президенти болуп шайланат. 20-сентябрда БАР БУУга мүчө болуп кабыл алынат. 1966-жылы 1-январында болгон аскердик төӊкөрүштүн натыйжасында бийликке полковник Жан-Бедель Бокасса келет. 1976-жылы 4-декабрда кабыл алынган жаӊы конституцияга ылайык өлкө Борбордук Африкалык Империя деп аталып, Бокасса император (Бокасса I) деп жарыяланат. 1979-жылы Франциянын колдоосу менен Бокассонун режими кулатылып, өлкөдө респликалык түзүлүш калыбына келтирилет. 1981-жылы жаӊы конституция кабыл алынып, президенттик шайлоодо Д. Дако жеӊип чыгат. Этностук негизде түзүлгөн 4 саясий уюм Даконун жеӊишин таануудан баш тарткандыгына байланыштуу, парламенттик шайлоолор токтотулат. Өлкөдө бийлик куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Андре Колингбанын колуна өтөт. 1991-жылы өлкөдө көп партиялуу система киргизилген. 1993-жылы шайлоодо Анж-Феликс Патассе президент болуп шайланат. 1996-жылы апрелде бийликке карата массалык нааразылык акциялары башталып, Патассе Франциянын жардамы менен гана өлкөдөгү абалды турукташтырууга жетишет. Бирок каршылашуу андан ары уланып, куралдуу бирикмелер менен армиянын ортосунда кандуу кагылышууларга алып келген. 1997-жылы жаӊы өкмөт түзүлүп, анын курамына оппозициялык

Борбордук Африка Республикасынын акчасы.

партиялардын өкүлдөрү кирет. Француз аскер контингенти Буркина-Фасо, Чад, Габон, Мали, Сенегал жана Тогонун аскер күчтөрү менен алмаштырылат. Март-июнь айларында БАРдын коопсуздук күчтөрү менен африкалык тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар башталат. 1998-жылы мартта БУУнун көзөмөлү астында Бангиде Улут аралык жарашуу боюнча конференция өткөрүлүп, жарашуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлат. 2003-жылдын мартында өлкөдөгү бийликти Борбордук Африка Республикасынын (БАР) куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы начальниги Ф. Бозизе басып алган. 2005-жылдын аягында өкмөткө каршы козголоңчу топтордун демонстрациялары күчөгөн. 2012-жылдын күзүндө негизинен курамы ЮООден 2000ге чейин согушкерлерден турган мусулман козголоңчуларынын «Селека» тобу түзүлгөн. 2012-жылдын декабрында «Селека» тобунун күчтөрү менен Борбордук Африка Республикасынын (БАР) армиясынын ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган. 2012-ж. 24-мартта Борбордук Африка Республикасында (БАР) мамлекеттик төңкөрүш болуп, президент Ф. Бозизе кызматынан четтетилген. Бийлик М. Жотодия башында турган «Селека» тобунун козголоңчуларына өткөн. Борбордук Африка Республикасынын (БАР) тарыхында биринчи жолу мамлекет башына мусулман азчылыгынын өкүлү келген. Мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өлкөдө курч саясий кризис күчөгөн. Ушундай шартта Борбордук Африка Республикасынын (БАР) христиандары «Антибалака» (зордук-зомбулукка каршы) өзүн-өзү коргоо отряддарын түзө башташты. 2014-жылы январда Чаддын борбору Нджаменде Борбордук Африка элкөлөрүнүн Экономикалык коомчулугунун аймактык саммити чакырылып, өлкөнү кризистен чыгаруунун маселелери каралган. 2014-жылдын 10-январында саммиттин катышуучуларынын кысымы менен М. Жотодия отставкага кетип, К. Самба-Панза 2014-жылдын 20-январында өлкөнүн убактылуу президенти болуп шайланган. БУУнун маалыматы боюнча козголоң учурунда 2,5 млн адам гуманитардык жардамга муктаж болуп, 1 млндон ашыгы үй-жайын таштап, анын ичинен 160 миң адам коңшу өлкөлөргө – Чад, Конгого, Камерунга качкан, 2 миң адам конфессиялар аралык кагылышуулардын курмандыгы болгон.
2015-жылы ноябрда Рим папасы Франңиск Борбордук Африка Республикасына (БАР) келип, христиандар менен мусулмандарды ынтымакка чакырган. 2015-жылы 13–14-декабрда Конституция кабыл алынган. Декабрда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп, өлкөнүн президенттигине Ф.-А. Туадера шайланган. Ал өлкөгө конституциялык түзүлүштү орнотуу, согуштук аракеттерди токтотуу, согуштук топтордун мүчөлөрүн коомго реинтеграциялоо, инфраструктураны калыбына келтирүү жана жакырчылыкка каршы күрөшүү аракеттерин жасаган. Кырдаалды турукташтыруу үчүн Туадера Россияга жардам сурап кайрылган. Россия БУУда Борбордук Африка Республикасына (БАР) курал-жарак жеткирүүгө эмбаргону жарым-жартылай алып салууга жетишти. 2018-жылдын январында РФтен курал-жарактар келген. Борбордук Африка Республикасына (БАР) Россиянын атайын күчтөрү, аскердик инструкторлор жана адистер жайгашып, алар куралчан топтордун ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу катары да иштешкен. 2018-жылдын 28-августунда Хартум шаарыннда Россиянын демилгеси жана Судандын президенти Омар аль-Баширдин колдоосу менен «Антибалака» жана «Селека» топторунун лидерлери келишимге кол коюшкан. 2020-жылдын 27-декабрында Борбордук Африка Республикасында жалпы шайлоо өтүп, анда мамлекет башчысы жана жаңы парламент, Улуттук ассамблея шайланган. 2021-жылдын 18-январында шайлоонун жыйынтыгы менен Ф.-А. Туадера өлкөнүн президенти болуп калган. Шайлоого катышкан оппозиция лидерлери, козголоңчулардын аскерий жетекчилиги шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу максатында өкмөткө каршы куралдуу күрөштү уланта турганын жарыялаган. 2021-жылдын 21-январында өлкөнүн ичиндеги кырдаалдын курчушуна байланыштуу президент Ф.-А. Туадера өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Экономикасы. БАР – экономикалык жактан артта калган агрардык өлкө. ИДПде айыл, токой, балык чарбасынын үлүшү 53,4%, иштетүүчү өнөр жайыныкы 7%, тоо кен казуу өнөр жайыныкы 5,8%. Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 410 доллардан (АКШ) туура келет. Аймагынын 9%ин айдоо (негизинен түштүк жана батыш бөлүктөрүндө), 1%тен азын шалбаа жана жайыт ээлейт. Негизги айыл чарба өсүмдүгү (товардык) – пахта жана кофе. Ошондой эле маниок, таруу, сорго, шалы, жер жаӊгак өстүрүлөт. Жапайы май пальмасынын мөмөсү жана гевея ширеси чогултулат. Баалуу жыгач даярдалат. Мал чарбачылыгы бар. Дарыяларынан балык кармалат. Алмаз, алтын казылып алынат. 1993-жылы 97 млн кВт · с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 24 миӊ км. Башкы дарыя порту – Банги ш. Сыртка алмаз, кофе, жыгач, пахта чыгарылат. Негизги соода шериктери: Бенилюкс өлкөлөрү, Франция, Япония ж. б.
Маданияты. 1962-жылы мамлекетте 6 жаштан 14 жашка чейинки балдарды милдеттүү түрдө окутуу, билим алуу тартиби киргизилген. Мамлекеттик мектептер менен бирге жеке менчик мектептер да бар. Айрым мектептерде окуу француз тилинде жүргүзүлөт. Башталгыч мектепте окуу 6 жыл. Банги шаарында университет (1969-жылы уюшулган) жана жогорку педагогикалык мектептер, илимий-техникалык изилдөө бюросу, Пастер институту, пахта жана токуучулук искусство институту, музейлер ж. б. бар. Басма сөз, радиоуктуруу, телекөрсөтүүлөр бар. «Борбордук Африка маалымат агентчилиги» (1974), Борбордук Африка радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматы (1958) иштейт. Эӊ таанымал жазуучусу Пьер Махомбо Бамборе. Жыгач оймочулук, өрнөкчүлүк, металлдан жана пилдин сөөгүнөн, берметтен кооз буюмдарды жасоо өнүккөн. Буйвол терисинен чыптама, китепке мукаба жасалат. Булар өнөрпоздор (кол өнөрчүлүк) мектебинде иштелет.
Ад.: Черников Г. П. Страны Экваториальной Африки. М., 1962. Страны мира. М., 1999; Новейшая история стран Азии и Африки. Т. 1, 3. М., 2001.