БОРБОРДУК ТҮЗДҮК
БОРБОРДУК ТҮЗДҮК Түндүк Америкада (АКШ менен Канадада), Миссисипинин алабында; чыгышынан Аппалачи, батышынан Улуу түздүктөр, түндүгүнөн Лаврентий дөӊсөөсү, түштүгүнөн Мексика бою ойдуӊу менен чектешет. Басымдуу бийиктиги 150–500 м. Түндүк Америка платформасынын түштүк бөлүгү, анын кристаллдык фундаменти палеозойдун сланецтери жана акиташ тектери менен капталган. Таш көмүр кени бар. 40° түндүк кеңдиктен түндүктү карай антропогендеги муз каптоонун издери байкалат. Лаврентий дөӊсөөсү менен болгон чегинде мөӊгү-тектоникалык кыймылдын таасиринен пайда болгон көлдөр (Улуу көлдөр, Виннипег, Виннипегосис, Манитоба ж. б.) жайгашкан. Климаты мелүүн, континенттик, түштүк четинде субтропиктик. Жылдык жаан-чачыны 400–1200 мм. Аймагынын 3/4 бөлүгү айдоо, шалбаа, жайыт катары пайдаланылат. Багбанчылык өнүккөн. Жазы жалбырактуу жана аралаш токойдун калдыктары бар. АКШ менен Канаданын маанилүү айыл чарба (дан, мал чарбалары) району.