БОРДОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРДОО – малды колдо багып семиртүү. Ага көбүнчө уй, чочко, кой жана үй куштары коюлат. Бордоонун максаты – малды тез семиртип, эттин, теринин жана жүндүн сапатын жакшыртуу. Аны туура пайдаланганда, тоют аз чыгымдалып, этти арбын алууга болот. Бордоонун мөөнөтү малдын, үй куштарынын жашына, породалык сапатына жана берилген тоютка жараша болот. Мисалы, инек жана картаӊ уйду 60–75, ноопасты 90–120, койду 45, жылкыны 60–75 күн борго байлайт. Бул учурда уй күнүнө кеминде 800, кой 150, жылкы 600 гдан салмак кошот. Кыргызстандын шартында мал бордоодо жем-чөп, силос колдонулат.