БОРН Макс

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БОРН Мак с барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРН Макс (11.12.1882, Бреслау, азыр Вроцлов –5.1.1970, Гёттинген) – немец физика теоретиги, квант механикасын түзүүчүлөрдүн бири. Россия ИАнын чет элдик корреспондент-мүчөсү (1924), СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1934). 1933-жылдан Улуу Британияда, 1953-жылдан Германияда иштеген. Квант механикасын статикалык жол менен түшүндүргөн. Кристалл торчосунун динамикалык теориясы, атом физикасы, оптика жана табият таануунун философиясы боюнча эмгектери бар. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1954).