БОРОЛДОЙ АКИТАШ ТЕГИ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРОЛДОЙ АКИТАШ ТЕГИ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Боролдой кыштагынан 15 км түндүк тарапта, Кастек тоосунун түштүк-чыгыш капталында, деӊиз деӊгээлинен 1900–2000 м бийиктикте. Кен 1939-жылдан белгилүү, 1950–54-жылдары «Средазгеолнеруд» трести геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзгөн. Кен таш көмүр мезгилинин ортосунда пайда болгон агыш жана боз түстүү мраморлошкон акиташ тегинен түзүлгөн. Ал гранит интрузиясынын арасында жатат. Пайдалуу катмарлардын калыӊдыгы 95 мге жетип, анын тилкеси 350 м. Химиялык курамындагы акиташ теги бардык жерде бирдей: СаСО3–94–99%, чополуу кошундулар – 0,12–4,38%. 1 кг акиден 2,5 л эринди чыгат. Акиташтын чылануу ылдамдыгы 13 минута, температурасы 54°С. Акиташ тегинен 1-сорттогу акиташ алууга болот. Кенди 1959-жылдан Желаргы акиташ заводу карьер түрүндө казып алууда. 1996-жылга карата запасы 652 миӊ т.