БОРОНЧИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРОНЧИЕВ Ысмайыл (1910, Чүй облусу, Чүй району, Алчалуу айылы – 8. 11. 1978, Бишкек) – төкмө акын, Кыргыз ССР эл артисти (1958). Борончиевдин ырчылык өнөрү 1929-жылдан башталган. Алгачкы ырлары айыл турмушу менен махабат темасына арналган. 1936–1961-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. Калык, Осмонкул, Алымкул өӊдүү кыргыздын айтылуу ырчылары менен бирге жүрүп, алардан таалим алган. Борончиев айтыш өнөрүнүн чебери катары белгилүү. Акын өзүнүн айтышын 1936-жылы Фрунзеде болуп өткөн олимпиада күндөрүнөн баштаган. Кыргыз-казактын аты алыска кеткен төкмө акындары менен айтышкан. Кенен аттуу казак ырчысы жана Токтонаалы Шабданбаев менен эл арасында ырдап жүргөн кезинде жаралган айтыштары бар. Токтонаалы менен Ысмайылдын айтыштары тамашалуу айтыштардын мыкты үлгүсү, ал өзүнчө китеп болуп басылып чыккан (1962). Айтыштардын мазмуну менен тематикасы ар түрдүү. «Кырк жылда сонун жаӊылык», «Декаданын көрүнүшү», «Осмонкул Бөлөбалаевдин жетимиш жылдык тоюндагы куттуктоо», «Тоголок Молдонун жүз жылдыгындагы ыр», «Токтогулга эстелик», Алымкулга, Осмонкулга, Саякбайга арналган айтыштар, «Таалайлуу кыргыз элибиз», «Карыялардын айтышы», «Жолугушуу» деген сыяктуу айтыштарды айрыкча бөлүп атоого болот. Борончиев айтыштын жаӊы түрүн киргизген, башкача айтканда «Жөө айтыш» деген чыгармасы ыр менен эмес, кара сөз иретинде айтылган. Кыргыз жергесинин сулуулугун даӊктаган «Кыргызстан», «Кеӊ Алай», «Семиз бел», ошондой эле «Селки», «Угуӊуз» деген лирикалык ырлары белгилүү. Анын чыгармачылыгына айтылчу ойдун көркөмдүгү жана тереӊдиги мүнөздүү. «Зууракан», «Ак маӊдай», «Таштандылардын калдыгы», «Алымкулду жоктоо» жана башка ырларга обон чыгарган. «Шамбет» (1940), «Ырлар жыйнагы» (1949), «Кызыл кырман» (1953, 1970), «Айтыштар» (1961), «Менин сөзүм» (1965), «Боогачы, Ысмайыл» (1990) жана башка ыр жыйнактарынын, «Ырчынын өмүрү» (1969) аттуу мемуардык китептин автору. Айрым ырлары орус тилине которулган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.