БОР ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ
БОР ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ – курамында бор (В) микроэлементи бар химиялык бирикмелер. Топурактын түрүнө жараша 1 кг топуракта 1,5–150 мг бор болот. Ал өзүнчө же башка минерал жер семирткичтер менен бирге өсүмдүк өнүп чыкканда же себүү алдында (1 ц үрөнгө 300–500 г) үрөн менен кошо чачылат. Ага бир нече жер семирткич кирет. Борнодатолит жер семирткичи – 2–2,5% бору бар бозомук күкүм. Гектарына 60 кгдан жумшалат. Бор-магний жер семирткичи (бор-магний сульфат) – боз күкүм, курамында бор кислотасы жана магний оксиди болот. Магнийи аз жеӊил топуракта колдонулат. Бор жер семирткичтери кант кызылчасы, кендир, брюква жана турнепсти түрдүү илдеттен сактап, алардын түшүмдүүлүгүн арттырат. Аны негизинен себүү алдында үрөнгө өсүмдүктүн физиологиялык өзгөчөлүгүн жана бордун топурактагы өлчөмүн эске алуу менен чачуу керек.