БОР КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОР КИСЛОТАСЫ , о р т о б о р к и с л о т а с ы, Н3ВО3 – үч негиздүү кислота, түссүз кристаллдар, сууда эрийт. Ысытканда метабор кислотасына НВО2, андан ары бор ангидридине В2О3 айланат. Сууда эригичтиги 20°Сде 4,89%, органикалык эриткичте эрийт. Туздары бораттар деп аталат. Концентрациялуу Н24 катышуусунда спирттер менен эфирди пайда кылат. Табиятта эркин түрүндө кездешпейт. Негизинен бораттарга Н2SO4тү таасир кылуу менен алынат. Ал өнөр жайда буфердик эритмелерди даярдоодо, ошондой эле дезинфекциялоочу зат катары колдонулат.