БОР МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ)
БОР МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ) – мезозой заманынын акыркы мезгили. Юра мезгилинен кийин, палеогенден мурда пайда болгон тоо тектердин геологиялык системасы. 1822-жылы француз геологу Ж. Омалиус д,Аллуа өз алдынча системага бөлгөн жана ошол кездерде Европада кеӊири тараган тоо тектин – тактага жазуучу бордун аты менен атаган. Мезгил мындан 110 млн жыл мурда башталып, 60–70 млн жылга созулган. Өз ичинен а л г а ч к ы жана к и й и н к и Бор мезгили болуп, эки доорго бөлүнөт. Тоо тектери а с т ы н к ы жана ү с т ү н к ү бөлүмдөрдөн турат. Алгачкы бордо бардык платформалар жогору көтөрүлүп, ар кайсы жеринде анчалык калыӊ эмес кум-чопо чөккөн. Мезгилдин аягында кургактыктар төмөн түшүп, деӊиз суусу каптаган. Натыйжада бор, мергель, акиташ тоо тектери калыӊ катмарга айланган. Кээ бир жерлерде кызыл түстүү чөкмө тектер, туздар, көмүр кабаттары орун алган. Мезгилдин башталышында өскөн саговниктер, беннетиттер, ийне жалбырактуулар юрадагы түрлөрүнөн айырмаланган эмес. Бирок мезгилдин аягында магнолиянын, лаврдын, жүзүмдүн жаӊы түрлөрү пайда болгон. Аммониттер, белемниттер, фораминифералар, сөөктүү балыктар, узундугу 12 м болгон деӊиз кескелдириктери, тиштүү куштар (ихтиорнис, гесперорнис) жашаган. Сүт эмүүчүлөр пайда боло баштаган. Бор мезгилиндеги тектерде фосфорит, боксит, таш көмүр (Сибирь, Ыраакы Чыгыш), нефть (Батыш Казакстан), цемент сырьёлору курулуш материалдары жолугат.