БОР Нильс Хенрих Давид

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОР Нильс Хенрик Давид (7. 10. 1885, Копенгаген – 18. 11. 1962, ошол эле жер) – даниялык физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты (1922). Атомдун биринчи квант теориясын түзгөн жана кванттык механиканын негизин иштеп чыгууга катышкан. Бор атом ядросунун жана ядролук реакция теориясынын өсүшүнө чоӊ салым киргизген. 1908-жылы Копенгаген университетин бүтүп, бул жерде өзүнүн биринчи илимий иши – суюктуктун термелүүсүн жана металлдын классикалык электрон теориясын изилдөөнү жүргүзгөн. 1916-жылы Копенгагенде теориялык физика кафедрасынын башчысы, 1920-жылдан өмүрүнүн аягына чейин ошол шаарда өзү уюштурган Теориялык физика институтун жетектеген. Фашизмге каршылык көрсөтүү уюму 1943-жылы Борду Даниядан Швецияга, андан АКШга жөнөткөн. Ал жерде Бор атом бомбасын жасоого катышкан. Согуштан кийин Данияга келип, атом куралынын колдонулушуна каршы күрөшкөн. Ал 1913-жылы атом теориясын иштеп чыгып, классикалык электр динамиканын закондору менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон атомдун планеталык структурасын түшүндүрүү аракетинде өзүнүн постулаттарын түзгөн. Ядролук реакциянын жүрүү мүнөзүн аныктап, 1939-жылы Ж. А. Уилер менен бирдикте ядронун бөлүнүү теориясын өркүндөткөн. Бор физиктердин чоӊ мектебин түзүп, бүткүл дүйнөлүк физиктер байланышын өнүктүргөн.
Эмг.: Прохождение атомных частиц через вещество. М., 1950; Атомная физика и человеческое познание. М., 1962.
Ад.: Нильс Бор. Жизнь и творчество / Пер. с дат. М., 1967; Мур Р. Нильс Бор – человек и учёный /Пер. с англ. М., 1969.