БОР (чөкмө тоо тек)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОР – чөкмө тоо тек; акиташ тегинин бир түрү. Табияттагы Бордун 91–99% органикалык калдыктардын көмүр кычкыл кальцийинен (кальциттен) турат. Кээ бир түрүндө алардан башка кварц, талаа шпаты сыяктуу минералдардын өтө майда бөлүкчөлөрү болот. Өӊү ак, начар камдашкан, оӊой жугат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча органикалык жана химиялык жолдор менен бор мезгилинде пайда болгон акиташ тегинин арасында жолугат. Бор цемент, айнек өндүрүшүндө жана химия өнөр жайында боёк, резина, парфюмерия ж. б. даярдоодо пайдаланылат.