БОСОГО (боз үйдүн эшиги)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОСОГО боз үйдүн эшиги. Боз үйдүн эшигинин эки жан-жагында жазылыгы 8–15 см, калыӊдыгы 4–6 см, бийиктиги кереге бою эки босого таягы болот. Алардын төмөнкү учу аяк босогонун четиндеги төрт чарчы көзөнөгүнө, жогорку учу баш босогонун тешигине ашталат. Аяк босого менен баш босогонун узундугу 1 метр чамалуу, калыӊдыгы 6–8 см, эни босого таяк менен бирдей. Баш Босогонун так ортосунун үстүрөөк жагында эшик боо байланчу көзөнөгү болот. Боз үйдүн ичин көздөй эки жакка ачылчу, эки кичинекей каалгалары бар. Алардын баш-аяккы четтериндеги узундугу 5–6 см келген ашык-машыктын милдетин аткаруучу жумуру казыкчалары баш босого менен аяк босогонун ич жагынын эки четиндеги жазылыгы 4–6 см, узундугу 8–12 см келген курбучадагы тегерек тешиктерге киргизилет. Каалгасы жок боз үйдүн эргилчеги болот. Босогонун бардык бөлүктөрү оймо, чийме менен кооздолуп, түрдүү түстөгү боёк жошо менен боёлот, к. Боз үй.